ЦДТ (Первомайский) Центр детского творчества Первомайского района

Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

 

 

“Балдардын чыгармачылык борбору” балдарга кошумча билим берүү мекемеси 1985-жылдын март айында уюшулган.

1992-жылы Пионерлер жана окуучулар үйү балдардын жана окуучулардын үйү деп аталып, ал эми көп убакыт өтпөй Балдар чыгармачылык борбору деп аталышы өзгөртүлгөн.

Азыркы кезде балдар чыгармачылык борбору- бул өркүндөп, өсүп жаткан, ата-энелер арасында кадыр барк күткөн, өзүнүн баалулуктары жана каада салты бар көп профилдүү кошумча билим берүүчү  мекеме.

“Балдар чыгармачылык борбору” кошумча билим берүү  муниципалдык бюджетке тиешелүү мекемесинин Уставы Бишкек шаарынын мериясынын алдындагы  билим берүү башкармалыгы тарабынан бекитилип, 22.04.2004-жылы Кыргыз Республикасынын Адилет Министирлигинде катталган.

Балдар чыгармачылык борборунун башкы корпусу Бишкек шаарынын борборундагы Тоголок Молдо көчөсү № 21 жайгашкан. “ Импульс” клубу Боконбаев көчөсү № 104 орун алган.

БЧБу билим берүү мейкиндигине :  №15,  №19, №27, №41, №49,№69, №81, №75, №83, №86 мектептери кирет.